Жети-Өгүздөгү токой чарбасынын кызмат адамдары мамлекетке 2,5 миллион сомго жакын зыян келтиришкен. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, “бийик тоолуу жер” деген жүйө менен аталган мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акча кошулган. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, Жети-Өгүз райондук токой чарбасынын имараты бийик тоолуу аймакта жайгашкан эмес. Мындан улам мамлекетке 2 миллион 409 миң сом зыян келтирилген. Учурда Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.