Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
"35 жаштагы кылмышка шектүү Рустам Жалиловду издөө иштери улантылууда. Азырынча ал кармала элек. Аны издөө иштери учурда Казакстандын аймагында да жүрүүдө", - деди Бугубаев.
Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 18:40 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Ал эми кылмышка шектүү май куючу жайды сүзгөн соң ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен.