Чүй облусунда унаа уурдоого шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Кант шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын үйүнүн короосунда токтоп турган Мазда Капелла үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Ичке-Суу айылынын 16 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал өлкөнүн аймагынан чыкпоо тил катынын негизинде коё берилип, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.