Депутаттар "Шайлоодо КСДПга добуш бербесеңер, иштен айдаласыңар" деген арыздануулар болуп жатканын айтты

ЖКда депутат Максат Сабиров алдыдагы шайлоо боюнча шайлоочулардан арыз-даттануулар, телефон чалуулар болуп жатканын айтты. "Бизге мектеп директорлору телефон чалышып, "КСДПны колдобосоңор, жумуштан алабыз" деп жатышат" деди. Бөрк ал десе баш албай, шайлоо боюнча маселелерди карап коёлу. Бул жерде кеп партия же фракция эмес, ошол жерлердеги жетекчилик аким, айыл өкмөт башчыларында болуп жатат. Бүгүн Нарындан ошол арыздангандар келет, сизге жолуктурайын" деди. Буга жооп кылып депутат Ыргал Кадыралиева "КСДПны атай бербей, далил менен сүйлөйлү, трибунадагы ушак деңгээлиндеги сөздөрдүн айынан көчөдө эркин баса албай калдык",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан