20-апрелде жеңил атлетчи Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган жеңил атлетика боюнча мелдеш өтөт. Маалым болгондой, мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн 150 спортчу катышат. Бул спорттук иш-чара борбордогу Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алмакчы. Айта кетсек, Сатымкул Жуманазаров Кыргызстандагы жеңил атлетика спортунун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиаданын коло медалынын ээси.