Эфиопияда диний майрам күнү өкмөткө каршы нааразычылык акциясы өтүп, 50дөн ашуун адам тебелендиде калды

Эфиопияда диний майрам күнү өкмөткө каршы нааразычылык акциясы өтүп, 50дөн ашуун адам тебелендиде калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акцияга чыккандарга полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Ал эми нааразы болгон эл таш, бөтөлкө ыргыткан. Жыйынтыгында баш аламандык орун алып, элүүдөн ашуун адам тебелендиде калып каза болгон.

Өлкөнүн премьер-министри Хайлемариам Десалень телеканалдардын бирине: "Адамдардын каза болушуна митингчилер өздөрү күнөөлүү. Айрым адамдар тебелендиде калган. Бийлик жарандардын коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди жасаган", - деп түшүндүрмө берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан