"M-Vector": "Кыргызстандыктардын 8 пайызы гана президенттин ишин жакшы деп баалады"

"M-Vector" изилдөө борбору "Борбор Азиялык барометр" долбоорунун алкагында жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоого катышкан кыргыз жарандарынын 8%ы гана президенттин ишмердүүлүгүнө абдан жакшы деген баа берген. Суралгандардын 33%ы ислам дини Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын маанилүү бир бөлүгү болуш керек деп жооп беришкен. Ошондой эле жооп бергендердин 12%ы мүмкүнчүлүк болду дегенде мекенди таштап кетүүгө даяр экендигин билдиришкен. Cурамжылоо үстүбүздөгү жылдын 5-августунан 22-августуна чейин өткөрүлүп, ага 1000 адам катышкан. Маалымат үчүн айта кетсек, "M-Vector" 1997-жылдан бери Канада, Казакстан жана Борбор Азияда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан эл аралык иликтөө жүргүзүүчү компания.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан