Аламүдүн районунда жол боюнда кетип бараткан кызды сүзгөн айдоочу мас абалда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Аламүдүн районунун аймагында 1-октябрь күнү саат 17:30 чамасында орун алган. Анда үлпөт тоюнун кортежинде келаткан Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 18 жаштагы кызды сүзүп кеткен.
"Бул жол кырсыгы тууралуу маалымат аймактык ИИБге түшүп, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Бир канча жеринен жаракат алган кыз ооруканага жөнөтүлгөн. Фольксваген Пассат унаасынын 1993-жылы туулган Шааболот аттуу айдоочусу тиешелүү экспертизадан өтүп, мас абалда экени аныкталган. Учурда кыз ооруканада, бул факт боюнча кошумча экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилмекчи", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан.