"Орусиядагы мигрант айымдардын 30-40 пайызын кыргызстандык кыз-келиндер түзөт". Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, Тажикстандан барган аялдар 12 пайызды, ал эми Өзбекстандан барган айымдар 15-16 пайызды түзөт. “Орусиянын Илимдер академиясындагы мигранттардын борборунун берген маалыматында учурда Москвадагы балдар үйлөрүндө 230 кыргызстандык жаш бала тарбияланууда. Бул ташталган балдардын энелери сексуалдык зомбулукка кабылгандар”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле депутат кыргызстандык кыз-келиндер Түркияга, Кореяга, Араб Эмираттарына сексуалдык кулчулукка сатылып кетип жатканын кошумчалады.