“Белгилүү кинорежиссёр, коомдук ишмер, КРнын Баатыры Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык юбилейи жөнүндө” маселе бүгүн, 16-апрелде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде каралып, бир добуштан колдоого ээ болду. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул мааракени өткөрүү демилгесин депутат Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыккан. Жыйынтыгында Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана иш-чаралар планын бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун парламенттин кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ал 70тен ашуун даректүү тасмалардын, 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы, 700дөн ашуун публицистикалык макалалары жарык көргөн. Ошодой эле Дооронбек Садырбаев ЖКнын үч жолку чакырылышынын депутаты болгон. 2008-жылы 28-майда оорудан көз жумган.