Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук кароо өтүүдө

Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук кароо өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук кароо Бишкектеги Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде жүрүп жатат. Сот залына Азимжан Аскаров алынып келинип, жактоочулар анын укугу бузулганын айтып, абактан бошотууну талап кылышууда. Ал эми жабырлануучу тарап абакта калтыруу өтүнүчүн келтирүүдө.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rifle_S
2016-10-04 11:42:57
Камалсын ! Шериктерин да камагыла !
Жалалабаттын мурдагы губернаторун да камагыла , Б.Асановду.
+1
Seryi-Kardinal
2016-10-04 11:56:18
turmodon ele tyn4ytyp koiuw kerek ele,davnoo ele
+3
Bolo
2016-10-04 12:18:57
Ушундай адам олтургон жана кандуу Ош окуясында адам олтургондордун лидери болуп жургон, болгондо да мыкаачылык менен милиция кызматкерин олтургон адамды бошотуп жиберсе анда элдин бийликке болгон акыркы умуту очот. ООНдогу адам укуктары боюнча комитетке баарыбир. Алардын чечими саясий чечим. Коз карандысыз мамлекеттин Жогорку соттунун чечимин жокко чыгарганга ал комитеттке ким укук берген. Анда бизде сот системасынын эмне кереги бар? Бул жерде да чон акча роль ойноп жатса керек. Куйбогон жерин..
+2
kyrgyz.kg83
2016-10-04 12:24:09
Бийликтин алсыздыгы даана корунуп турат,ертеге катачылык кеткен екен деп бошотсода таанкалыштын кереги жок,кайра карагандын озу позор
+2
muratkg
2016-10-04 12:30:08
Кайсы бети жок адам жактап атат. Жактоочунун оозуна акчаны матыра тыккан го. Баары эле ачык айкын билинип турса. Эмне дешимди да билбей калдым.
+1
jengoo
2016-10-04 20:02:42
Жакында олуп калышы мумкун деп чыгарып койушса тан калбайм.
0
shamshiev.80
2016-10-05 13:47:12
Текебаев бийлик болгондо буга окшогондун терисин тескери сыйрымак.Азыркы бийлик алсыз албетте
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан