Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелген Мубарак Турганбаев көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке келди

Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелген Мубарак Турганбаев көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Турганбаевдин жакын таанышы билдирди.

Анын айтымында, Мубарак Турганбаев бүгүн таңкы саат 05:10до Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келген.

"Учурда анын кайда экенин билбейм, балким, УКМКда сурак берип жатса керек", - дейт Турганбаевдин жакын таанышы. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылганыбызда, эч кандай маалымат бере албастыгын билдиришти.

Айта кетсек, УКМК Кытай элчилигинде өзүн жардырган жан кечтинин жана жардырууну уюштургандардын атын атаган. Анда издөөгө алынгандардын катарында Мубарак Турганбаев да бар болчу. Бирок Турганбаев күнөөсүз экенин айтып, интернеттеги баракчасына "Тиги террористтер менен эч кандай катышым жок. Мага түшүмө да кирбеген чоң айып коюлууда" деп жазган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gsuita
2016-10-05 08:40:13
Адал-Тур деген фирмада иштейт го бул бала. Баардык Ош,Карасуу,Бишкектеги соодагерлердин көбү ушул фирма аркылуу Стамбулдан товар жөнөтүп,ушул фирма аркылуу акчаларын жөнөтүп турчу.
0
Gsuita
2016-10-05 08:41:09
Жалган жалаа болушу мүмкүн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан