Оштогу мейманканалардын биринин 7-кабатынан 30 жаштагы кыз кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
“Окуя 2-октябрь күнү саат 18:00 чамасында болгон. Кыз интернет аркылуу таанышкан жигити менен мейманканага келген. Андан соң спирт ичимдиктерин ичишип, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Кийин кыз жигитин бөлмөдөн чыгарып, көп өтпөй 7-кабаттан кулап түшкөн. Жабырлануучу ооруканадан көз жумган”, - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.
Белгилей кетсек, окуя катталган күнү кыздын ким экендиги так аныкталбай, коомчулукка "маркумдун жашы болжолдуу 20 жашта" деп таратылган. Кийин кыздын өздүгү такталып, анын 30 жашта экени аныкталды.