Чолпон Жакупова референдум боюнча Рита Карасартованын арызын соттун карабай койгонун сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова Бишкек шаарынын райондор аралык соту Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум дайындоо боюнча парламенттин тармактык комитетинин корутундусун жараксыз деп таануу жөнүндө саясат таануучу Рита Карасартованын доо арызын кабыл албай койгонун сындады. "Бардык токтомдор, протоколдор - мамлекеттик органдардын чечими. Эгерде райондор аралык сот "комитеттин корутундусу сунуштоо мүнөзүндө" деп айткан болсо, бул болбогон кеп", - деди депутат.

Эскерте кетсек, Карасартованын арызынан баш тартуу боюнча соттун түшүндүрмөсүндө комитеттин корутундусу сунуштоо мүнөзүндө экени жана Жогорку Кеңешке кандайдыр бир конкреттүү милдет жүктөбөй турганы, укуктук жактан маселе жаратпасы айтылган. "Комитеттин чечими нормативдик акт болуп саналбайт жана райондор аралык сотуна даттанууга жатпайт. Ошондуктан сот доо арызды кабыл алуудан баш тартат", - деп маалымдалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан