Мугалимдердин орточо айлыгынын көлөмү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Экономика министрлиги көрсөткөн сандар эки башка болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.
Депутат Айсулуу Мамашеванын айтымында, өткөн аптада парламент жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү мугалимдердин орточо айлыгы 14 миң сомго барабар деп билдирген. "Бүгүн Экономика министрлигинин өкүлү мугалимдердин орточо айлыгы 9 миң сом деп жатат. Кимдики туура? Мен 14 миң сом айлык алган бир да мугалимди тааныбайм", - деп кайрылды вице-премьер-министр Олег Панкратовго депутат. Панкратов Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, мугалимдердин орточо айлыгы 9233 сомго барабар деп жооп берди.