Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үй ээси эс-учу жок абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 05:20 чамасында Чуйков көчөсүнүн №23-үйүндөгү батирлердин биринен белгисиз себептен улам өрт чыккан. Натыйжада уктоочу бөлмөнүн ичиндеги үй эмеректери жана
кийим-кечелер күйүп, үй ээси эс-учу жок абалда ооруканага жеткирилген.