3 ай ичинде Бишкектеги керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө 454 арыз түшкөн

Үстүбүздөгү жылдын 3 айында  Бишкек шаардык мэриясынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө 454 арыз түшкөн. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, даттанууларда көрсөтүлгөн фактылар боюнча жалпы суммасы 328 462 сомду түзгөн материалдык чыгымдардын орду толукталган. Керектөөчүлөрдүн арызданууларынын көпчүлүгү уюлдук телефондордун сапатсыздыгына, сатуучулардын өз милдеттерин аткаруудан баш тартканына байланыштуу болот. Мындан тышкары бөлүмгө тез даярдалуучу тамактардын сапатсыздыгы боюнча көптөгөн нааразычылыктар келип түшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан