Кичинекей балдардын канга боёлгончо мушташканы тууралуу видео боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.
"Учурда иликтөө иштери улантылууда. Тиешелүү кызматтардын кызматкерлерине тапшырмалар берилген. Эгер бул видео биздин өлкөдө тартылган болсо, ал аймактардын биринде тартылган болушу мүмкүн. Бирок бул видео башка өлкөдө да тартылган деген маалыматтар бар. Азырынча ал маалымат да текшерилүүдө. Эгерде видео Кыргыз жеринде тартылган болсо, аны уюштургандар сөзсүз түрдө жоопко тартылышмакчы", - деди Сейитов.
Айта кетсек, 3-октябрда социалдык тармактардын биринде кичинекей балдардын бири-бири менен аёосуз мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Балдарды айланчыктаган чоң кишилер эки бала ыйлаганына карабай аларды кайраштырып, "ур, саба, жанч" деп кыйкырып турушкан.