Аида Салянова: "Садыр Жапаров президент жөнүндө айткан билдирүүсүн далилдей албай, эми менден кылмыш ишин токтотууну суранууда"

Президент Алмазбек Атамбаевдин атына жалган жалаа жапкандыгы үчүн депутат Садыр Жапаровдун үстүнөн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Айта кетсек, Садыр Жапаров буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин "Иштамберди" алтын кениндеги коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендиги жана “Кыргызалтын” ишканасынан 30 миллион сом алып чыгып кеткендиги тууралуу билдирүү жасаган. Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, атайын текшерүү жүргүзүлүп, Жапаров билдирген маалыматтар тастыкталбады, депутат айткан сөздөрүн далилдеп бере алган жок. “Мыйзам боюнча, президент мамлекеттин коргоосунда. Ушуга байланыштуу “жалган билдирүү тараткан” деген берене боюнча кылмыш иши козголду”,- деди башкы прокурор. Башкы прокурор айтылган маалыматты далилдөөгө аракет болбогонун да кошумчалайт. "Ар кандай билдирүүдөн соң аны далилдөөгө аракет жасалат, бирок Жапаров тараптан андай аракет болгон жок. Ал депутат болгондуктан, мен Жогорку Кеңешке кайрылышым керек. Буга чейин мен Садыр Жапаровдун өзүнө кайрылдым, ал качып жүрдү. Эми менден кылмыш ишин токтотууну суранып жатат. Ал биринчи дисктерди таратып, ушундай билдирүү жасаган, эми ишти жабууну өтүнүүдө",- деди Аида Салянова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан