Орусияда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн кыргыз жараны кармалды

Орусияда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны 2014-жылы Орусиядан чыгарылган. Мындан улам ага 2019-жылдын 2-октябрына чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Кармалган жаран жаңы паспорт алып, аты-жөнүн өзгөртүп, кайрадан Сахалинге келген. Учурда бул окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат. Мындай кылмыш үчүн кыргыз жараны мыйзам боюнча 4 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Oreanda
2016-10-05 11:14:42
Ай байкушум ай кор оокаттын айынан бардыда,эми иши жакшы бутуп кетсе экен.
+3
ALATOOLUK.JIGIT
2016-10-05 11:20:47
Мен да ушул 4 жылдын айынан кайра тарттым. Болбосо коптун бири катары отсом дегем.
+2
kirgiz1988
2016-10-05 11:37:04
Кыргызстанда туруктуу жумуш болсо кайра барбайт беле.
0
Kroxa
2016-10-05 11:49:44
Аты жонун озгортуп кеткендер толтура эле го кантип билинет,,менин кайним да башка паспорт алып кетеберем деп журот го,кыргызсанда иш жок журушобу золоктоп...
0
Angel92
2016-10-05 12:43:07
Kroxa,Аты жонун озгортсо да паспортто фотонун тубуно жазылган коп цифралуу номер озгорбойт(персональный).Кобунчо ошондон билип калышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан