Москва районунда жол кырсыгы болуп, 4 жүргүнчү көз жумду

Бүгүн, 16-апрелде саат 12:00 чамасында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу КамАЗ кагылышты. Анын кесепетинен 4 жүргүнчү каза болуп, 15 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилгени белгилүү болду. Учурда Москва РИИБи тарабынан иликтөө иштери жүрүп, окуянын күнөөкөрлөрү такталып жатканын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан