Алай тоо кыркаларында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 13:30 чамасында болгон. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Арча-Булак айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 35 чакырым түштүк-батышта, Нура айылынан 60 чакырым түштүк-батышта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга таянсак, жабыркагандар жана кыйроолор жок.