Бишкектин четинде жигит сүйлөшкөн кызын бычактап, андан соң өз жанын кыйган

Бишкектин четинде жигит сүйлөшкөн кызына бир канча жолу бычак сайып, андан соң өз жанын кыйган. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына караган түнү Бишкектин четиндеги мамлекеттик желек илинип турган тоодо болгон. Анда жигит эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына бир канча жолу бычак сайып, өзү унаасы менен тоодон ылдый түшүп кеткен. Натыйжада жигит кырсыкка кабылып, каза болгон. Ал эми жабырлануучу ооруканага оор абалда жеткирилип, аман калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз-жигит баш кошмокчу болушкан. Бирок ага кыздын ата-энеси каршы чыгып, турмушка берүүдөн баш тартышкан. Мындан улам экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аягы кайгылуу окуя менен аяктаган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
altyn2015
2016-10-05 18:37:07
Эмнелер эле болуп атат. Кудайым сактасын.
+2
Arslan12
2016-10-05 18:37:57
Алла бардыгын коруп-билип турат, ыйма берсин баарыбызга!
0
realmadrid32
2016-10-05 18:57:01
Ата-эненин ыраазычылыгы биринчи болушу к-к
+1
aigerimosh
2016-10-05 19:41:54
Тообо тан калычтуу,Эмнеге мындай жолго барышат.Ата-эненин ак сутун актабайбы бир кызды деп жаныны кыйып...Катын жолдо, бала белде.Балким ал кыздан да жакшы бироо кутуп тургандыр эле эээх аттин..Жаш кеттиптир..Жаткан жери жаннатта болсун!!!Ата-энедей бизди эч ким суйбойт!
+6
Chubik
2016-10-05 19:50:56
Аллахым! Кыйын сыноодон, бактысыздыктан, душмандын маскара кылуусунан сактай кор.
+2
kirgizstan
2016-10-05 19:57:04
Жайыныз жаннатан болсун топурагыныз торко болсун.
0
ruffo90
2016-10-05 20:04:55
Кыздын ата-энеси эле эмес, кыз озу да каршы болуптур. Эки жылдан бери суйлошуп журуп, ушул жайкы каникулда кыз айылга кетип, ал жактан башка жигитке турмушка чыгууга макулдугун берип, алар сойко салып коюшкан экен. Тиги машина баланын досунуку экен.
+1
nurikkg1
2016-10-05 20:11:43
ruffo90,сен суйлоштунбу
0
ruffo90
2016-10-05 21:39:08
nurikkg1,суйлошпой эле, башка маалымат булактарында жазып жатышат ИИМден берилген так маалымат деп.
0
kirgizstan
2016-10-06 00:41:08
ruffo90,кайсы маалымат булак экен айтып жазып койчу сураныч
0
palina
2016-10-05 20:55:32
Ар ким, Кудай башка салганды корот. Тагдырдан качып кутулуу мумкун эмес
0
kyrgyz.kg83
2016-10-05 21:16:06
Ото окунучту, кандай болгон кундода ертенки кунду ойлосода болмок,азыркы замандын талаптарын женил ойлук женип жатат,аялы менен жашап жатып алдырып жибергендер бар мен билгенден,аялым кети деп асынып алган жок,азыр ыйман жолунда жакшы келинчеги бар,сууктана турган уйбуло,
0
sultan89
2016-10-05 21:58:37
ХХХ бир нерсе дегендирда
жигитке ошончолук болгон болсо.
еки суйлошуп анан айылга барып
башка жигит таап алса ал точна
ХХХ ### ХХХ.
ХХХ.
жайы бейиштен болсун.
-1
admin_portal
2016-10-06 09:58:42
sultan89, порталда адепсиз, уят сөздөрдү колдонууга жана провокациялык билдирүү калтырууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
0
Sirduusezim
2016-10-05 22:15:55
Жаштар ай жаштар, бир оюнарда, созунордоо турсанар. Ата-эне эч качан балага жамандык тилебейт!
0
Moskva.kg
2016-10-06 02:44:00
Жаннатта бирге болушсун махабат отун бирге алып журушсун
-1
kirgizstan
2016-10-06 11:07:25
Супер инфо кыздан да барып бир маалымат алгылачы силерден сураныч мумкун болсо.оз оозунан угалы
0
Dimonbek
2016-10-06 15:43:24
Жайын жанаттан болсун досум
0
edem98
2016-10-06 18:31:18
Ажап,тобаа,табаа деген создорунорду жазбагылачы нервке тийип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан