КҮНСЕРЕП: Депутаттарга мугалимдин аз айлыгы эмес, жупуну кийими көрүнүүдө

Бүгүн, 5-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Мугалимдер күнүнө карата депутаттан сюрприз... Бийликтеги КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын парламентте сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн сынына кабылды. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 4-октябрдагы жыйынында Мусабекова мугалимдердин билим деңгээлине, кийинүүсүнө сын айтты. Анын айтымында, айыл жериндеги мугалимдер аттестациядан өтпөй, ишти оңой бүтүрүү үчүн жылкылар союлууда. "Мурун мугалимдер кандай эле? Азыр мектепке барсаң, мугалимдер чабан менен саанчыларга окшош. Аларды туура кийинүүгө үйрөтүш керек. Окуучулар урматтабай калды деп даттанышат, биринчи өздөрүнөн башташсын", - деди депутат.

Мугалимдердин аттестациясы боюнча конкреттүү далили болсо, тийиштүү органдарга бергени жакшы. Сөз кезеги келгенде сүйлөп коюу менен маселе чечилип кетпейт. Мугалимдердин кийими - алардын айлык маянасынын деңгээлинин бир белгиси. Жарыбаган айлыкка иштеп жүргөн мугалимдерден стилдүү кийинүүнү талап кылардан мурун, депутаттар алардын айлыгын көтөрүүнү сунушташса жакшы болор эле. Ошол жупуну кийинген мугалимдердин да добушу менен азыркылар парламентке шайланып келишти. Жаш мугалимдердин айлыгы бүгүн 6-7 миң сомдун тегерегинде экенин жакында парламентте Каржы министрлигинин өкүлү билдирди. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, мугалимдердин орточо айлыгы 9 миң сом. Өлкөдө кымбатчылык, алган айлыгына мугалимдер үй-бүлөсүн багабы же депутаттардын көңүлүнө толорлук кийим сатып алышабы? Депутаттар мугалимдердин айлыгы качан көтөрүлөрүн сурашты эле, өкмөт өкүлдөрү так жооп бере алышкан жок. Демек, жакынкы жылдары мектепте иштегендердин эмгек акысында өсүш болушу күмөн. Ал эми бийликте отургандар олуттуу каршылыктарга, "шаштырган муктаждык жок" деген эскертүүлөргө карабай Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө 317 миллион сом жумшоону көздөп турушат. Бул акча референдум өткөрүүгө кызыкдар тараптардын жеке чөнтөгүнөн эмес, эл төккөн салыктын эсебинен жумшалат. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов "Жер-Үй" кени боюнча сатыктан түшкөн 100 миллион доллардын эсебинен курулат делген мектептердин 60 пайызынын курулушу токтоп турганын, анткени 100 миллион доллар II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атада ипподром курууга жана бюджеттин башка тешиктерин бүтөөгө жумшалып кеткенин айтып чыкты. Депутат алгачкы долбоордо ипподромдун курулушу 800 миллион сомго бааланып, кийин 1,5 миллиард сомго чыгып кеткенин билдирет.

Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы кескин өсүп кеткенин айтып жатышы - мамлекеттин акчасын үнөмдүү пайдалануу чакырыгы. Мугалимдерге шарт түзүүгө, балдардын сапаттуу билим алуусуна дегенде казына бош, бирок 6 күндүк оюн-зоокто мектеп курууга каралган миллиондор чачылып кеткени кызык. Балдардын сапаттуу билим алууга болгон мүмкүнчүлүгүнө кол салуу эмеспи? Депутат Мусабекова парламент жыйындарынын биринде ушуну да айтып койсо жарашат...

Бишкек шаарында бүгүн "Саясий сезон-2016: Максаттар жана тобокелчиликтер" деген темада тегерек стол өттү. Жыйында эксперттер Конституцияны өзгөртүү, декабрь айында өтүүчү референдум жана 2017-жылы боло турган президенттик шайлоону талкуулашты. Жыйында президент Алмазбек Атамбаевдин "мураскер даярдабайм" деген билдирүүлөрүнө дал келбеген пикирлер айтылды. Саясий серепчи Марат Казакбаев президенттин мураскери КСДПдан болорун, анын ким экени жакында бүт өлкөгө белгилүү болорун айтса, эксперт Тамерлан Ибраимов президенттин мураскери азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болушу мүмкүн экенин билдирди. Экс-спикер Зайнидин Курманов конституциялык реформа жасалса, Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү бүткөндөн кийин өлкөнү олигархтар башкара турганын айтат. "Азыркы учурда президентти элдин 30 пайызы гана колдойт, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПга берген элдин добушу муну көрсөттү. "Конституциялык реформанын коркунучу жок" деп айтып жатышат, бирок ушундай иштердин айынан өлкөдө эки революция болгон", - дейт Курманов.

Балким, мураскер маселеси жөн жерден көтөрүлгөн жок. Эгерде бийлик "А" планы - Конституцияны өзгөртүү демилгесин ишке ашыруу мүмкүн болбой баратса, анда "Б" планы - президентке мураскер даярдоого аракет кылат. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 7-октябрда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрө турганы белгилүү болду. Буга чейин коомдук угуулар жетиштүү деңгээлде өткөнүн айтып, долбоорду ачык талкуулоодон качып жаткан демилгечилер күтүүсүз жумшарды. Парламент бүгүн 98 депутаттын добушу менен "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окуунун режимине артка кайтарды. Бул чечимдер президент Атамбаев өлкөгө кайтып келгенден кийин кабыл алынды. Бирок бул бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен баш тартат дегендик эмес. Бийликтегилердин багытын, маанайын алдыдагы талкуулар аныктайт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан