Бишкекте "Референдумга жол жок!" кыймылынын 8-октябрда өтүүчү курултайына 700дөй адам катышат. Маалыматты бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталына кыймылдын мүчөсү Мавлян Аскарбеков билдирди. Курултайда өлкөдөгү саясий кырдаал, экономиканын абалы талкууланат.
"Курултайга даярдык жакшы, учурда иш-чаранын деталдарын тактап жатабыз. Башында курултайга 2500 делегат батат деп Кожомкул атындагы Спорт Ордосун сурасак, уруксат бербей коюшту. Башка жерге анчалык көп киши батпайт, ошондуктан 700дөй киши катышат. Кыргыз өлкөсүнүн келечеги, Конституцияны өзгөртүү аракеттери, референдум талкууланат. Өлкөбүздүн карызы 4 миллиард 75 миллион долларга жетти. Мунун 1 миллиарддан ашыгы Кытайдан алынган. Кытай менен "насыялар боюнча маселелер сот аркылуу чечилбейт" деген кылмыштуу келишим түзүлүп калганы жакында белгилүү болду. Ушул маселелер каралат", - деди Аскарбеков.