2013-жылдын алгачкы 3 айында ар кандай топтор, бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар жана башкалар тарабынан Бишкекте 132 митинг болуп өткөн. Алардын 107си саясий мүнөздө
болсо, 25и социалдык-экономикалык жана турмуш-тиричилик маселелери боюнча. Бул тууралуу
бүгүн, 16-апрелде Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, бул митингдерге жалпы 44 716 адам катышкан. Ал эми митингдердеги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Бишкек шаардык ИИББинин 9 650 кызматкери ишке тартылган.