Токтогул районунда жергиликтүү тургун 52 килограммга жакын баңгизат менен кармалды

Токтогул районунда жергиликтүү тургун 52 килограммга жакын баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул районунун 1957-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну 5-октябрь күнү кармалган. Анын жашаган үйүн текшерүү учурунда 51 килограмм 750 грамм марихуана жана 28 грамм гашиш табылган. Ошондой эле анын ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөнү аныкталган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
eduardali
2016-10-06 14:06:06
Ошон үчүн буларда ырчылар көп экенда
-6
Nurkyz1977
2016-10-06 15:49:00
eduardali,мындай ойдон алыс бол бир адам учун баардык адамдар учун туура эмес ойдо болуу болбойт.
+3
Omurbek998
2016-10-06 15:32:39
52 килограмы канча сом болотуп кетет
+4
Riokyrgyz
2016-10-06 17:12:59
3 миллиондон кобуроок болот
0
Omurbek998
2016-10-06 15:33:26
Азыр кризис болуп элдерде жумуш жок ушул ишке барып атат деп ойлойм
+10
Arslan12
2016-10-06 16:51:23
Келечекти ойлош керек кризиске тонкорбой!
-1
Totyua.71.
2016-10-07 13:43:06
Ойноп суйлосон дагы ,ойлонуп суйло..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан