Алай районунун акими Мурдаш айылында эшектердин багылып жатканын жаап-жашырууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Буга чейин 100 эшектин багылып жатканы тууралуу кабарды жөнөттүм эле, бирок ал маалыматты район акими жокко чыгарыптыр. Албетте, ал жаап-жашырууда. Айтканым куру болбосун деп бүгүн видео тартып жөнөттүм. Алдын ала маалыматтарга караганда, эшектердин саны 300гө жакын экен. Бир канча күн мурун айылда эшектер жоголгон. Алардын арасында менин да эшегим бар болчу. Аркандалып турган жеринен уурдап кетишиптир. Буларга чара көрбөсө болбойт. Эшектер кандай максатта багылып жатканы белгисиз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.