Түштүк Кореяда катуу шамал адам өмүрүн алды

Түштүк Кореяда катуу шамал адам өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Ульсан шаарында катуу шамал орун алган. Жаратылыш кырсыгынан 7 адам каза болуп, 3 адам дайынсыз болууда. Аталган аймакта темир жол жана аба каттамдары толугу менен токтотулган.

Шамалдан улам суунун толкуну пайда болуп, шаардын көчөлөрүн суу каптаган. Мындан 200 миң үй чарбасы зыянга учураган. Учурда бийлик тарабынан куткаруучулар тобу иштеп, кырсыктын кесепеттерин жоюу аракеттерин көрүп жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KaiMak
2016-10-06 17:04:25
Кудай сактасын...Кыргызстанда тынч аман эсен жашаганыбызга шугур кылайлы
+3
sagyn01
2016-10-06 17:06:14
Мен сеулдамын, кудай деп аран отурабыз,
+8
kg_emilbekov
2016-10-06 17:20:52
э кудай озун сактай кор бизди
+2
Kroxa
2016-10-06 18:27:56
Акыр замандын белгилери
-5
KaiMak
2016-10-06 20:42:36
Kroxa,акыр замандын белгилери эмес акыр замандале жашап жатабыз адам омурун алган кырсыктар болур
-2
Umar...
2016-10-06 21:08:25
Мен Улсанга жакын эле шаардамын. Баары тынч өттү. Бир гана деңизге жакын шаарлар зыянга учурады.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан