Бишкекте жигити бычактаган кыздын абалы турукташууда

Бишкекте жигити бычактаган кыздын абалы турукташууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун дарыгери Кубанычбек Шүкүрбаев билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу 1-октябрга караган түнү оор абалда алынып келинген.

Курсагынын оң жагына бычактан 3 жаракат алган экен. Үчөө тең ичине кирип кеткен. Боор, бөйрөк жабыркаган. Андан сырткары көкүрөгүнө, оң колунун чыканагына бычак сайылган. Алгач бизге келгенде оор абалда болчу. Операция жасап, боорду тиктик. Учурда ал кыздын абалы турукташууда”, - дейт Шүкүрбаев.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы окуя боюнча буларды билдирди:

Кыз-жигит эки жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Кыз жайкы эс алууга кеткенде ата-энеси башка бирөөгө кудалап коюшкан. Жигитине абалды түшүндүрүп, дос бойдон калуу сунушун киргизген. 30-сентябрь күнү кечинде жигит маселени чечип алуу өтүнүчү менен кызга келип, аны Айни көчөсүндөгү жатаканадан алып кеткен. Кийин унаада экөөнүн ортосунда уруш чыгып, жигит кызды бир канча жолу бычак менен сайып салган. Андан соң “өлсөк бирге өлөбүз” деп Бишкектин четиндеги желек илинип турган тоону көздөй унаасын айдаган. Ал жакка жеткенде кыз “жашагым келет” дегенинен аны таштап, өзү унаасын ылдыйды көздөй айдаган. Кансыраган кызды ал жакта кечки Бишкекти тартып жүргөн оператор көрүп калып, ооруканага алып келген. Ал эми жигиттин жансыз денеси жана талкаланган унаасы тоонун этегинен табылган”.

Учурда иш Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында тергелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Rifle_S
2016-10-06 17:29:57
Эркек адам чечкиндүү кадам таштаса болмок. Ар бир ишти Кудайдын жакшылыгы деп жакшы ниетте кабыл алыш керек.

Ичи ооруган адамга парацетамол бербейсиң да, ошондой эле бул жигитке бул кыз керек эмес болгон окшойт . Мындан да жакшысы күтүп турган болушу мүмкүн .
+1
osmonsheraliev
2016-10-06 18:17:48
"Кыз-шайтан" деп бекеринен айтышкан эмес ата-бабаларыбыз.
+6
egiz-jigit
2016-10-06 18:29:26
Кино болуп кетиптирго,кыздын сойко салып койгон жигитти укса эми эмне кылат болду экен.
+1
Nur92
2016-10-06 18:47:35
Эх суйуу
+1
Boldukan86
2016-10-06 18:50:52
Эх жигит кыска ойлуулук кылыптыр. жайы жаннаттан болсун. Суйсо ошого тийсе болмок байкуш жигит жашагым келет десе дагы айтканын кылып таштап кетиптир.
+6
jalguzum
2016-10-06 18:55:44
Бул бычакталган кыз менин айылымдан болот эле. Олгон бала менен суйлошуп жургон экен анан башка бироолор куда тушсо кыз Эми сага турмушка чыкпайм тигиге тием десе бул жигит кызганып ушул ищти кылыптыр
+3
aseras
2016-10-06 18:58:30
Баланын суротун кордум аябай жакшынакай бала экен.Кадамжай районунан болот экен.Жайы жаннаттан болсун.Суйгон адамын башкага тийсе аалам таар корунуп кеткен тура.Угушум боюнча дос баласынын машинасын минип чыккан экен.Аябай чункурга тушуптур ал жактан алуу да кыйын болуптур.((
+2
begaliev96
2016-10-06 19:22:19
aseras,Кадамжайдын кайсы айылынан болот экен
0
aseras
2016-10-06 20:47:54
begaliev96,сур деген айыл окшойт же ормош дедиби эсимде жок
0
Shokoladka94
2016-10-06 19:01:38
Суйбосон суйлошпо да, Эми озун бироонун олумуно куноолуу сезбейт бекен?
+2
Soni130587
2016-10-06 20:37:37
Кыз суйгон эмес жигитти.
+2
take19
2016-10-06 21:43:32
Кыз да суйсо бул кайгылуу окуя болбойт эле да. Суйбогондон кийин алдап журбой койсо болмок экен.
0
nur_zhoni
2016-10-06 22:16:53
Мен болгондо кыздын ата энесине бармакмын кызын жакшы корушумду айтып мага беришин сурайт элем отунуп
0
Medina9384
2016-10-06 22:33:33
Ошол учун кыз жигит болуп суйлошууго динибиз да тыйуу салган
0
fanatka19
2016-10-07 04:28:24
Ата энеси да күнөөлү кызынан сурабай эле,оюн укпай эле кудалай береби?эми албайт болуш керек алар дагы,
0
orbit89
2016-10-07 08:38:28
Аааах окунучтуу,чындап эле бала суйгон экен чыныгы суйуу мына ушундай болот достор
0
Munar8625
2016-10-07 08:53:28
эми албайт кудалашкан жери себеби шаарда кандай жургонун билди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан