Ошто жол эрежесин бузуп, качууга аракет кылган 16 жаштагы айдоочу кармалды

Ошто жол эрежесин бузуп, качууга аракет кылган 16 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Ош шаарындагы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде каршы тилкеде келе жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок айдоочу Патрулдук милициянын талабына баш ийбей, качууга аракет кылган. Аны токтотуу учурунда милиция кызматкерлери курал колдонууга аргасыз болушкан.

Учурда кармалган айдоочуга протокол түзүлүп, унаа айып жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-10-07 09:30:12
NFS U 2 көп ойногон окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан