Нарын облусундагы Кочкор райондук архитектурасынын кызматкерлери тарабынан жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп жатканын УКМК ачыктады. Маалыматка ылайык, 2012-жылдын ноябрь айында Ак-Кыя айыл аймагынын Жаңы-Жол айылынын тургундарына Кайрадан бөлүштүрүү фондунун жалпы аянты 1,12 гектар жайыт жери мыйзамсыз берилген. Белгиленген аймак жердин айыл чарбалык багыттагы түркүмүнө кирет. Аталган фактыга байланыштуу 15-апрель күнү УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.