17-апрелге карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

17-апрелде республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, кээ бир райондордо 19-24 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй облусунда күндүз +5...+10°C, түнкүсүн +1...+6°C

Талас облусунда күндүз +4...+9°C, түнкүсүн 0...+5°C

Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +10...+15°C, түнкүсүн +3...+8°C

Баткен облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн +1...+6°C

Ысык-Көл облусунда күндүз +8...+13°C, түнкүсүн +1...+6°C

Нарын облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн +1...+6°C

Бишкек шаарында күндүз +8...+13°C, түнкүсүн 0...+5°C

Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан