"Мен өмүрүмдө бир да ишкананын акционери болгон эмесмин", - деди бүгүн, 7-октябрда журналисттер менен жолугушуусунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Аида Салянова.
"Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов үчөөбүздүн "Мегакомго" эч кандай тиешебиз жок. Өмүрбек Чиркешович өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген. Анын туугандары да бул компанияга байланыштуу эмес. Канча казсаңар да таппайсыңар", - деди журналисттерге Салянова.
Эскерте кетсек, 5-октябрда бийликке жан тарткан басылмалардын бири “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Мегакомдун” айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланыштуу жана бул компанияда жеке кызыкчылыктары бар. Тагыраак айтканда, өздөрүнүн үлүштөрү бар. Үлүштөрү Максим Бакиевдин атына катталган оффшордук компанияларда жайгашкан”, - деген маалыматты жазган. Алмамбет Шыкмаматов бул маалыматты жалган деп, себептерин түшүндүргөн. Бүгүнкү парламент жыйынында ал жана Салянова депутаттарды өкмөттөн маалымат угууга чакырышкан. Кечээ "Ата Мекен" партиясы макаланы жазып чыккан басылманы сотко берери белгилүү болгон.