ЖКда "Ата Журттун" абактагы 4 депутаттын ишин иликтөө боюнча комиссия түзүү сунушу колдоо тапкан жок

Жогорку Кеңеште "Ата Журт" фракциясынын абакта отурган 4 депутатынын ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү боюнча аталган фракциянын чечими депутаттардын колдоосуна ээ болгон жок. Депутат Анарбек Калматов "бул жерде Конституциянын талаптары бузулган деп жатат. Анда муну Конституциялык палата чечет" деди. "Ата Журтчу" Надира Нарматова "бул Жодошованын чечими эмес, "Ата Журт" фракциясынын позициясы катары карап, колдоп койсоңуздар. Мындай абал ар бирибиздин башыбызга түшүп калышы мүмкүн" деди. Бул сунуш экинчи жолу добушка коюлуп, өтпөй калды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан