Укук коргоочу Рита Карасартова парламент депутаттарын тарыхта жакшы ат менен калууга чакырды.
"Чачын ак аралап калганда эксперт Бакыт Бакетаев калп айтып жатат. Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен президенттин бир дагы укугу азайып жаткан жок. Кайсылары азайып жатканын айтып бергиле. Судьяларды ротациялоо мыйзамсыз. Бул өзгөртүүлөр менен сот системин президентке көз каранды кылып жатасыңар. Эгерде бүгүн сүйлөгөн юридика илимдеринин докторлору соттордун көз карандысыздыгы эмне экенин билбесе, анда өкүнүчтүү. Депутаттар, тарыхта калгыңар келсе, президенттин демилгесине бөгөт койдургула. Конституция оюнчук эмес. "Жакшы жашоого барабыз" деп элди алдап жатасыңар", - деди Карасартова.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн, 7-октябрда "Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган парламенттик угуу өтүүдө.