Экс-министр Замирбек Эсенаманов камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов 15-апрелде камакка алынды. УКМК билдиргендей, 2011-жылы Эсенаманов төрагалык кылган кен байлыктарын пайдалануу боюнча комиссия Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак көмүр кенин иштетүүгө өкмөт менен макулдашпай туруп 4 лицензия берген. Буга байланыштуу экс-министр “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу” беренелери боюнча айыпталууда. Камакка алынган Эсенаманов 27-майга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан