Бүгүн, 8-октябрда Бишкекте "Өлкөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси: Конституция жана референдум" деген аталышта курултай өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмерлер Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков, Мавлян Аскарбеков, Азимбек Бекназаров жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жалпысынан курултайга 700гө жакын адам келди. Бул жыйында Кыргыз өлкөсүнүн келечеги, Конституцияны өзгөртүү аракеттери, референдум талкууланды.
10:10. Иш-чара «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен башталды. Бул арада залга катышуучулар келип жатышат. Уюштуруучулар аларга кызыл, жазыл, көк тустөгү ленталарды таратышууда.
10:20. Парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков курултайдын катышуучуларынан провокацияга алдырбоону суранды. "Залдан кыйкырууга, уруксатсыз сүйлөөгө тыюу салынат. Биздин саат 13:00гө чейин убактыбыз бар. Ошондуктан катышуучуларды регламентти бузбай, берилген мөөнөттүн ичинде сөз сүйлөөгө чакырат элек", - деп кайрылды Жээнбеков.
10:40. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Баш мыйзамды негизсиз өзгөртүү Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн зыян экенин айтты. "Конституция - бул мамлекеттин паспорту. Эгер аны өзгөртсөк, өлкөнүн эртеңки күнү кандай болот? Бийлик муну ойлодубу? Конституцияны өзгөртүү демилгеси президент Атамбаевге жана анын аппаратына таандык. Мыйзамга ылайык, президенттин мындай демилге көтөрүүгө ыйгарым укугу жок, бирок президенттик аппарат Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси боюнча документке депутаттарга кол койдурду", - деди Бекназаров. Мындан тышкары ал буга чейинки мамлекет башчылары Конституцияны өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн өзгөртүп келишкенин баса белгиледи.
11:00. Тарыхчы Баяс Турал саясатчыларды жеке амбицияларын токтотуп, өнүккөн мамлекетти куруу максатында биригүүгө чакырды. "Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн алгандан бери президенттер бийликте болуу мөөнөтүн узартууну көздөп Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишкен", - деди тарыхчы.
11:25. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө президент Алмазбек Атамбаевди жана президенттик аппараттын жетекчилерин сынга алды. "2008-жылы оппозициялык күчтөр биригип, курултай өткөрүшкөн. Бүгүн да так ошондой курултай өтүүдө. Себеп бир: өлкөдөгү кырдаал ушундайга жеткирди. Менден "Эмне үчүн Атамбаев менен чогуу жүрүп, аны жамандай баштадыңыз?" деп сурашат. Жооп берейин: Атамбаев кызыл чектен өттү. Бүгүнкү курултайда жеке мамилелери келишпеген адамдар отурушат, бирок өлкөнүн биримдиги үчүн бир максат менен келишти", - деди Текебаев.
Ал эми Конституция тууралуу Текебаев буларды айтты: "Идеалдуу документ болбойт. Заманга жараша Баш мыйзам өзгөрүп турат. Бирок "Баш мыйзамды ким өзгөртөт? Кандай максат менен өзгөртүлөт?" деген суроого жооп бериш керек. Эгер Конституцияны эл өзгөртсө, анда жакшы өзгөрүштөр болот. Эгер бийлик өзгөртсө, элдин укугу чектелет. Бүгүн Конституциябыз бийлик тарабынан кылмыштуу жол менен өзгөртүлгөнү турат".
"Жакында Атамбаев ооруп калганда Түркиянын президенти Эрдоган бир да ооруканасына киргизбей коюптур. Мындан улам Атамбаев Орусияга дарыланганы кеткен. Бул тышкы саясатыбыздын толук банкрот болгонун көрсөтөт", - деди "Ата Мекендин" лидери. Сөзүнүн соңунда ал курултайдын катышуучуларына кайрылып: "Эгер бекем болсок, Атамбаевди токтото алабыз", - деп билдирди.
11:40. Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаты Чолпон Жакупова депутаттык креслого жармашпай турганын айтты: "Мен мандатымды жаштарга тапшырууга даярмын. Саясаттан тажадым. Парламентке эрки бар жаштар, аялдар келиши керек. Бул максатка жетиш үчүн баарыбыз биригишибиз керек".
11:50. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова: "Конституцияны өзгөртүүнү сунуштап жаткан демилгечилер бир нече себепти айтышты: парламентаризмди күчөтүү, президентти алсыздандыруу, сот реформасын ишке ашыруу жана башка маселелер. Мунун баары калп. Долбоордо аталган маселелер боюнча бир да сөз жок. Элди ынандырыш үчүн тил, "Кумтөр", трайбализм темаларын козгошту, бирок бир да маселе мындай жол менен чечилбестигин билебиз".
12:00. Коомдук ишмер Динара Ошурахунова: "Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жок, бирок демилгечилер муну ишендирүүгө аракеттенип жатышат. Эгер бийликтегилер азыркы Конституция туура эмес деп жатса, анда кантип бийликте болуп, мамлекетти башкарып жатышат?" - деди. Бул сөзү кол чабуулар менен коштолду.
12:15. Курултайда провокация аракеттери болду. Катышуучулардын суранычы менен алар сыртка чыгарылышты. Буга чейин активист Мавлян Аскарбеков курултайга бийлик жөнөткөн провокаторлор келишкенин айткан.
12:50. Курултайда резолюция кабыл алынды. Ага ылайык, Жогорку Кеңештен Конституцияны өзгөртүү аракетин токтотуу талап кылынмакчы. Мындан тышкары Баш мыйзамды өзгөртүүгө "макул" деп кол коюп берген парламент депутаттарына укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурадан талап кылынмакчы.