Орусияда "маңзат саткан" деп кармалган Кыргыз өлкөсүнүн жараны 15 жылга эркинен ажыратылды

Орусияда "маңзат саткан" деп кармалган Кыргыз Республикасынын жараны 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Омск облустук соту 7-октябрдагы отурумда чыгарган. Чечимге ылайык, 28 жаштагы Сухбатилло Хаитов аттуу жаран Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин
228.1-беренеси (маңзат сатуу) менен айыптуу деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Айта кетсек, Сухбатилло Хаитов 2015-жылдын 17-декабрында 7 килограмм героин жана 4,5 грамм гашиш сатып жаткан жеринен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Emilzima
2016-10-08 14:17:42
Ош,Жалалабаттын озбектери да.чарчатты го булар
+2
ABAkg86
2016-10-08 14:54:00
Ооба катачылык бар. Кыргыз жараны, демек анда улуту кыргыз болуп калат. "Кыргызстандын жараны" же "Кыргыз Республикасынын жараны" деп, андан сон улап кетуу керек. Мисалы: орус жараны эмес, орусия жараны болотго.
+3
Adelchik
2016-10-08 16:24:34
ABAkg86, эн туура!!! Менин да аябай жиним келип кетти, кыргыз жараны Сухбатилло дегенде!
+3
Aruna25
2016-10-08 21:48:49
Иии дагы бир кырыгызым камалыптыр да деп ичим ачышып окуп жатып,сухбатилло деген жерине келгенде "эээээээээнен" дедим. Кыргыздын атын булгаган акмак!
+2
ABAkg86
2016-10-09 01:13:51
Оо ондолгон турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан