16-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өлкө ичиндеги, Бишкек жана Ош шаарларындагы жолдордун абалы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Анда Жантөрө Сатыбалдиев республикадагы унаа жолдорду капиталдык оңдоп-түзөө жана жолдордогу чуңкурларды бүтөө боюнча жумуштардын жүрүшү канааттандырбай жаткандыгын белгиледи. “Бишкектин бюджеттик чыгашасы 6 миллиард сомду түзөт. Жолдордогу чуңкурларды бүтөөгө болгону 35 миллион сом бөлүнгөн. Бул эң эле аз сумма. Мен борбор шаардагы Донецкий жана Гагарин көчөлөрү менен өттүм. Шаардыктар менен макулмун, ал көчөлөрдөн жүрүү мүмкүн болбой калыптыр. Шаардык бийлик мунун баарына көз жумуп коюуда”,- деди премьер-министр. Өкмөт башчы каражаттын тартыштыгын шылтоолобой, 15-майга чейин жолдордогу чуңкурларды оңдоону тиешелүү министрликке тапшырды.