АКШдагы "Мэттью" бороонунан жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок

АКШдагы "Мэттью" бороонунан жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, элчилик Флорида штатында жашаган кыргыздар менен байланышкан. Анда алар бороондун негизги коркунучтары өтүп кеткенин, шаардан чыгып кетүү чакырыктарына карабай үйүндө эле болушканын билдиришкен.

Учурда "Мэттью” деп аталган бороон АКШнын чыгыш деңиз жээгине жакындап келе жатат. Мындан улам Барак Обама Жоржия штатында өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. Буга чейин мындай режим Флорида жана Түштүк Каролина штаттарында жарыяланган эле.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, АКШда бороондун кесепетинен бир канча адам жабыркап, айрымдары дайынсыз болууда. Ал эми Гаити өлкөсүндө каза болгондордун саны 900гө жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kapriznaialadyy
2016-10-08 15:21:18
Ар кимдин канын себебпсиз төгө берсе Кудай жазалайтта. Эч нерсе жоопсуз калбайт
+3
Totyua.71.
2016-10-08 16:19:09
Таба эмес,тобоо
+2
aibars
2016-10-08 19:30:23
Emnesi bolsoda duinodo tynchtyk amanchylyk bolshubchu. Ech Kim jakynyn jogotposun. Ar bir insan myndai jaratylshtyn kyrsygynan kaza bolboi, karylyktun doorun surup. Jyluu toshokto, jakyndardyn arasynda koz jumsa.
0
temirov76
2016-10-08 20:51:08
aibars,туура,пикирине кошулам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан