Гаитидеги "Мэттью" бороонунан улам каза болгондордун саны 1000ге жакындады

Гаитидеги "Мэттью" бороонунан улам каза болгондордун саны 1000ге жакындады. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Гаитиде үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бороондон каза тапкандарды массалык түрдө жерге бергендиктен улам холера оорусу катталып, андан 13 адам көз жумгандыгы айтылууда. Жаратылыш кырсыгынан 9-октябрда өтчү президенттик жана парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Адистердин айтымында, "Мэттью" бороону 2007-жылдан бери эң кубаттуу бороон катары таанылды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 210 чакырымга жеткен. "Эң чоң коркунуч бул боорон эмес, бул суу каптоо коркунучу. 2012-жылы "Сэнди" бороону орун алганда анын кесепети андай болуп кетерин биз билген да, күткөн да эмеспиз. Бирок ал бороон ири суу каптоолорго алып келген", - деп айткан өз билдирүүсүндө АКШнын президенти Барак Обама.

Учурда АКШнын Флорида штатында миллиондогон адам электр жарыгы жок калды. Убактылуу баш калкалоочу жайларга 23 миң жергиликтүү тургун көчүүгө аргасыз болгон. АКШнын бир нече штатында өзгөчө кырдаал киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatur7777
2016-10-10 11:44:39
Биздин жашообузга шугур дейли,урой учурган окуя болуптур!Кыргызстан кандай сонун жерде жайгашкан,пейилди ондобогон пенделерге кырсык келе берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан