Грузияда парламенттик шайлоо өтүп, бийликчил партия жеңишке жетти

Грузияда 8-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Грузин кыялы” партиясы жеңгени расмий кабарланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, аталган партия 48,6 пайызга жакын добуш топтогон. Экинчи орунду экс-президент Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы ээлеп, оппозициядагы бул партия 27 пайыз добуш алды. "Грузиянын патриоттор альянсы" партиясы 5 пайыз добуш топтоп, үчүнчү орунда жайгашты. Ошентип, Грузиянын парламенти ушул 3 партиядан түзүлө турган болду.

“Грузин кыялы” партиясы 8-октябрда шайлоо аяктаары менен эле өзүн жеңүүчү катары жарыялаган. Оппозициядагы партиялар административдик ресурс колдонулганын айтып жатышат.

Эл аралык байкоочулар болсо добуш берүү жакшы уюштурулганын билдиришти. Алар шайлоодо жалпысынан эркиндик жана атаандаштык болгонун баса белгилешти. Бирок үгүт маалындагы айрым мыйзамсыз шайлоо кампаниялары жана кыйноо аракеттери саясий өнөктүккө өз таасирин тийгизгенин айтышты.

Парламенттик шайлоого катышууга 19 партия жана 6 блок каттоодон өткөн. Мамлекетте үч жарым миллион адам шайлоо укугуна ээ. Жарандар 150 депутатты 4 жылдык мөөнөткө шайлашты. Аларга мандат ноябрда берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан