Эртең, 11-октябрда Бишкектин кээ бир райондорунда саат 9:00дөн 17:00гө чейин таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский көчөлөрү жана Ак-Өргөө конушу менен чектелген райондордо таза суу токтотулат. Ошондой эле Ак-Өргөө, Ак-Ордо, Жер институту, №55-мектеп, Ленин райондук аскер комиссариаты, №5-мончо, Гагарин көчөсүндөгү “Бишкек жылуулук-энергия”, “Кока-Кола” жана “Яшар” ЖЧКларында дагы таза суу токтоп, “Кыргыз коньягы”, “Комбинат”, “Тамга-Таш ЛТД” ЖЧКларында жана “Лина” фирмасында суунун басымы басаңдайт.