КРнын чек ара кызматкерлери ок атуу боюнча эл аралык мелдеште 2-орунду алышты

10-апрелде Москва шаарында чек ара кызматкерлери арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү 2-орунду ээлешти. Мелдешке Кыргызстан, Абхазия, Армения, Ооганстан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Монголия, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстандын чек арачылары катышты. Айта кетсек, мелдеште 1-орунду Орусиянын командасы, 3-орунду Тажикстандын командасы ээледи. Маалым болгондой, мелдешке катышкан  Кыргызстандын чек ара кызматкерлери учурда Москвадагы Чек ара академиясында тажрыйба топтоо үчүн окуп жатышат.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан