Германиянын Людвигсбург шаарында жыл сайын өтүүчү жашылчаларды таразага тартуу иш-чарасында эң чоң ашкабактар арасында жаңы дүйнөлүк рекорд коюлган. Салмагы 1 тоннадан ашуун, тагыраагы, 1190 килограммдык ашкабакты өстүргөн адам мелдеште жеңүүчү аталып, рекорд койгон. Аны бельгиялык фермер өстүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жыл сайын өткөрүлүп турган европалык биринчиликте 20дан ашык өлкөдөн катышуучулар катышкан. Бельгиялык фермер Маттиас Вилемайн жеңүүчү аталарын билген эмес. "Мен өстүргөн жашылча мынчалык чоң болот деп ойлогон эмесмин. Жеңүүчү аталганым, албетте, кубандырат", - деп билдирген Маттиас Вилемайн.
Андан мурунку рекорд 2014-жылы швейцариялык Бени Майер тарабынан коюлган. Ал өстүргөн ашкабактын салмагы 1054 килограммды түзгөн.