Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн “Таң нуру” аттуу реабилитациялык борбор ачылды. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Аманкан Мамбетова билдирди. Анын айтымында, борбордо 40тан ашык майып өспүрүмдүн саламаттыгын чыңдоого шарт түзүлгөн. Учурда ал жерде 39 өспүрүм ден соолугун чыңдап жатат.