Жалал-Абад шаарында окуучуларга өзүн өзү өлтүрүү жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрмө берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда муфтияттан билдиришти.
Маалым болгондой, терроризм жана диний экстремизмдин терс жактарын түшүндүргөн иш-чарада шаардагы 4 мектептин окуучулары катышты. Мында жалпысынан миңден ашуун окуучуга аталган уюмдардын жүргүзгөн идеологиясын кабыл албоого чакырык жасалды.
"Дүйнө таанымы калыптанып келе жаткан өспүрүмдөргө диний түшүнүк берип, радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алууга, ар кандай башка агымдардан алыс болууга үндөгөн
иш-аракеттер жүргүзүлдү. Аталган иш-чарага ата-энелер, дин кызматкерлери жана укук коргоо органдары катышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.