Бүгүн, 11-октябрда мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын, социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандарды II жана III даражадагы Манас ордени, Даңк медалы, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими", "Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген ишмер", "Эмгек сиңирген кызматкер", "Эмгек сиңирген дарыгер", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" мамлекеттик наамдары менен сыйлады.
"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Бактияр Токторов, Гүлнара Тойгонбаева, төкмө акын Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев жана Аалы Туткучевге берилди.
Республика боюнча жалпы 250 адамга сыйлык тапшырылды. Өлкө башчысынын колунан мамлекеттик сыйлыкты Жогорку Кеңештин депутатынан баштап бала бакча жетекчилерине чейин алышты. Алардын катарында чек арачылар, укук коргоо, маданият кызматкерлери, машыктыруучулар, журналисттер, социалдык кызматкерлер, жергиликтүү шайлоо комиссиясынын төрагалары, билим берүү тармагы боюнча мугалимдер, айыл чарба кызматкерлери, дарыгерлер бар.
Даңк медалы актриса Шайыр Касымалиева, ырчы Светлана Назаренко, бийчи Атай Өмүрзаков сыяктуу сахна адамдарына ыйгарылды. Ал эми "Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" наамы менен режиссёр Темирбек Бирназаров, "Азия MIX" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров жана башкалар сыйланышты. Ошондой эле "Кыз-Бурак" эстрада тобу Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Аземдин жүрүшүндө президент Атамбаев ар бир кызматкерге өз колу менен төш белги жана наамдарды тапшырды.