“Бишкек шаарындагы №64-мектептин ичинде курал-жарак сатылып жатат”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 17-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева айтып чыкты. Ал белгилегендей, бул маселенин көтөрүлгөнүнө көп болду. “Бул окуя тууралуу айтылганына көп убакыт болсо да эч кандай текшерүү болбой, тиешелүү чаралар көрүлгөн жок. Мен мектептин жанында сатылып жатат дегеним жок, ошол билим берүү мекемесинин ичинде сатылып жатат”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле Кадыралиева мектептин айлана-тегерегинде ар кандай тамак-аш сатылып, ушундай көрүнүштөрдүн айынан сарык оорусу тамыр жайып жаткандыгын кошумчалады.